2017-12-26


П.и.д., профессор Акматали Алимбековдун макаласы “Gazi Akademik Bakış” журналына жарыяланды


Университетибиздин Гуманитардык факультетинин Педагогика бөлүмүнүн башычысы п.и.д., профессор Акматали Алимбековдун Түркиялык кесиптештери менен жазган «'Türk Dünyası Birliği' Algısı» аттуу илимий макаласы Thomson Reuters компаниясынын Web of Science издөө платформасы тарабынан шилтеме берилүүчү “Gazi Akademik Bakış” журналынын 2017-жылдын 10-декабрындагы санында жарыяланды. Макала менен http://www.gaziakademikbakis.com/index.php/gab/article/view/443/311 шилтемеси аркылуу тааныша аласыздар.

Агайыбыздын илимий-педагогикалык иштеринде мындан ары да албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!