2026-11-05


«Көрүнбөгөн жарааттар: Балдарга карата зомбулукту таануу жана алдын алуу» аттуу семинар өткөрүлдү


2026-жылдын 14-октябрында Педагогика бөлүмүнүн окутуучусу проф. д-р Сүлейман Барбарос Ялчын тарабынан «Көрүнбөгөн жарааттар: Балдарга карата зомбулукту таануу жана алдын алуу» аттуу семинар өткөрүлдү.

Семинарда балдарга карата зомбулукту таануу, анын ар кандай түрлөрү жана балдарга тийгизген таасирлери каралды. Ошондой эле зомбулуктун алгачкы белгилерин аныктоо, тобокелдик факторлорун баалоо жана балдарга карата зомбулуктун алдын алууга багытталган коргоочу ыкмалар талкууланды.

Программанын соңунда Педагогика бөлүмүнүн башчысы проф. д-р Йүжел Өксүз семинарда каралган темалардын билим берүү, психологиялык кеңеш берүү жана коомдук маалымдуулукту жогорулатуу жаатындагы маанисине токтолуп, кыскача жыйынтык сөз сүйлөдү. Андан соң семинарга кошкон салымы үчүн проф. д-р Сүлейман Барбарос Ялчынга ыраазычылык баракчасын тапшырды.