2026-11-05
Педагогика бөлүмүнүн Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасынын 2-курсунун студенттери 2026-жылдын 27-октябрында Ага окутуучу доктор Кадиян Бообекованын жетекчилиги астында ДИАЛОГ атайын билим берүү борборуна барышты.
Сапардын жүрүшүндө студенттер өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарга арналган окутуу жана терапиялык программалар тууралуу маалымат алышты. Борбордун директору Гүлнура Асанбек кызы студенттерди борбор менен тааныштырып, өнүгүүсүндө ар кандай өзгөчөлүктөрү бар балдар менен иш алып баруучу бөлүмдөрдү көрсөттү. Ошондой эле студенттер сурдопедагог, логопед, адаптивдик дене тарбия адиси, дарыгер жана мугалимдер менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү жана колдонгон ыкмалары тууралуу маалымат алышты.
Сапардын жүрүшүндө студенттер борбордун кызматкерлерине өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Борбордун директору Гүлнура Асанбек кызы каалоочу студенттер борбордо өндүрүштүк практикадан өтүп, келечекте бул жерде иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аларын белгиледи.
Сапар эскерүү үчүн жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.
