2026-11-11


4-курстун студенттеринен 1-курстун студенттерине арналган кош келиңиздер иш-чарасы


Педагогика бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери 2026-жылдын 4-ноябрында бөлүмгө жаңыдан кабыл алынган 1-курстун студенттери үчүн кош келиңиздер иш-чарасын уюштурушту.

Иш-чара «Манастын кыздары» бий тобунун бий көрсөтүүсү менен башталды. Көрсөтүүдөн кийин Педагогика бөлүмүнүн башчысы жана 4-курстун куратору проф. д-р Йүжел Өксүз, 1-курстун куратору окутуучу д-р Кадиян Бообекова, проф. д-р Акматали Алимбеков, 3-курстун куратору проф. д-р Сүлейман Барбарос Ялчын жана 2-курстун куратору доц. д-р Явуз Эржан Гүл сахнага чакырылып, сөз сүйлөштү.

Окутуучулардан кийин ОРХУН алмашуу программасынын алкагында Түркияда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон студенттер сөз сүйлөп, программа тууралуу маалымат беришти жана өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алар алмашуу программасынын жүрүшүндө топтогон тажрыйбаларын айтып, бул программага катышууну каалаган студенттерге пайдалуу маалыматтарды беришти.

Программа улуттук музыкалардын коштоосундагы бий көрсөтүүсү менен уланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө 4-курстун студенттери 1-курстун студенттерине ар кандай белектерди тапшырышты. Андан соң 4-курстун студенттери тарабынан даярдалган оюндар өткөрүлдү. Студенттердин биргелешип убакыт өткөрүүсүнө шарт түзгөн иш-чара жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.