2026-11-11
Педагогика бөлүмүнүн окутуучуларынын бири проф. д-р Сүлейман Барбарос Ялчын Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан 10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнүнө карата уюштурулган иш-чарада «Ататүрк жана Түрк дүйнөсү» аттуу баяндама жасады.
Баяндамада Мустафа Кемал Ататүрктүн Түрк дүйнөсүнө карата көз карашы, түрк элинин орток тарыхый жана тилдик байланыштарына берген мааниси, ошондой эле ушул багытта жүргүзүлгөн иштер каралды. Ататүрк мезгилинде түрк тарыхын жана тилин изилдөө максатында түзүлгөн мекемелер, жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр жана Түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактары менен түзүлгөн маданий байланыштар тууралуу маалымат берилди.
Проф. д-р Сүлейман Барбарос Ялчын баяндамасында Ататүрктүн Түрк дүйнөсүнө карата көз карашын тарыхый окуялардын негизинде талдап, 1991-жылы Советтер Союзунун тарашы менен эгемендүүлүккө ээ болгон түрк республикаларына жана Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө да токтолду. Бул багытта Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин эки өлкөнүн ортосундагы орток тарыхый, тилдик жана маданий байланыштарды бекемдөөдөгү ролуна көңүл бурду.
Баяндаманын соңунда Түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн академиялык кызматташтыктын, биргелешкен илимий изилдөөлөрдүн жана жаштардын бири-биринин тилин, тарыхын жана маданиятын таанып-билүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)