2026-11-11
Педагогика бөлүмүнүн Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасынын студенттери 2026-жылдын 11-ноябрында Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде уюштурулган эскерүү жүрүшүнө катышты.
Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастарын таанытуу, ошондой эле өткөн мезгилдеги маанилүү окуяларды эскерүү максатында өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында студенттер Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, анын тарыхый мааниси тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасынын студенттери катышкан жүрүш алардын Кыргызстандын тарыхый жана маданий баалуулуктарын жеринен таанып-билүүсүнө жана тарыхый мурастарды сактоонун маанисин түшүнүүсүнө өбөлгө түздү.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)