2026-11-13


Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасынын студенти Бегимай Чолпонбаева Кыргызстандын чемпиону болду


2026-жылдын 7–8-ноябрында Каныбек Осмоналиевдин атындагы эл аралык оор атлетика турниринде жана Кыргызстандын чемпионатында Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасынын 3-курсунун студенти Бегимай Чолпонбаева чоң ийгиликке жетишти.

Аялдар арасында 86 кг салмак категориясында күч сынашкан Бегимай Чолпонбаева жалпы 150 кг салмакты көтөрүп, өз категориясында биринчи орунду ээледи жана Кыргызстандын чемпиону наамына татыды.

Студентибизди жетишкен ийгилиги менен куттуктап, ага окууда жана спортто мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.