Бөлүмдүн тарыхы: 2022-2023 – окуу жылында Кыргыз-Түрк Манас университетинин гуманитардык факультетинде филология бөлүмү түзүлдү. Бул бөлүмгө 2007-2008 – окуу жылынан бери иштеп келген англис тили жана адабияты, кытай тили жана адабияты жана орус тили жана адабияты программалары кирди.

Максаты: Филология бөлүмүнүн негизги максаты – англис, орус, кытай, филологиясы боюнча фундаменталдык билим берүү, филологиялык билим берүү тармагында кеңири лингвистикалык жана адабий билимге ээ, тексттер менен иштей билген жана баарлашуу жүргүзө билген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо. Филология бөлүмүндө билим берүү жалпы гуманитардык, лингвистикалык, адабий жана прикладдык дисциплиналарды терең үйрөнүүнү камтыйт.

Бүтүрүүчүлөр үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү: Филолог универсалдуу адис жана анын билим чөйрөсү абдан кенен. Бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрүнө берилген жакшы кесиптик даярдык аларга эмгек рыногунда талапка ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Филологиялык билим алган бүтүрүүчүлөр бөлүмдө  алган көндүмдөрүн ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарында: илим жана билим системасында, массалык маалымдоо каражаттарында, мамлекеттик кызматта, туристтик жана котормо агенттиктеринде, ар кандай профилдеги ата мекендик жана чет өлкөлүк компанияларда колдоно алышат.

Адистерди даярдоонун жогорку сапаты бөлүмдүн квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамы тарабынан камсыз кылынат, анын курамына: 3 профессор; 1 доцент,  5 филология илимдеринин кандидаты, 1 ага окутуучу жана 4 окутуучу кирет.

Бөлүмдүн окутуучулары көп жылдык тажрыйбага ээ жана Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгилүү.

Проф.док.
Бурул Сагынбаева

Бөлүм башчысы

Сүйүктүү Филология бөлүмүнүн студенттери!

Силер билим алып жаткан Филология бөлүмү 2022-2023-окуу жылында мурунку батыш тилдери бөлүмү жана чыгыш тилдери бөлүмүнүн негизинде түзүлдү. Филология бөлүмүнүн тутумуна англис тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, кытай тили жана адабияты программалары кирди. Келечекте кыргыз тили жана адабияты программасы да бул бөлүмдү толуктамакчы.

Биздин негизги максатыбыз ‒ англис, орус, кытай тилдеринин жана адабиятынын өзгөчөлүктөрүн, өсүп-өнүгүүсүн, эволюциясын, соңку изилдөөлөр, жетишкендиктерге таянуу менен окутуу-үйрөтүү, жеткиликтүү билим берүү. Бөлүмүбүздө силердин лингвистикалык жана адабият багытындагы билимиңерди жана тажрыйбаңарды арттыруу менен чектелип калбай, ата-энеңердей эле мыкты адамгерчилик сапаттарды калыптандырууга да кам көргөн кесипкөй адистер иштейт.

Биз ‒ бөлүмдүн окутуучулары силердин, эң биринчи, адамгерчиликтүү жана бактылуу, алган билимиңерди туура колдоно алган, жаңыланууга тиешелүү ар кандай маселелерди талдай алган, чечүү жолдорун сунуштай алган, коомдогу атаандаштыктарда даяр болгон жогорку деңгээдеги адис болууңарды каалайбыз!

Бөлүмдүн катчысы

Дамира Кайдалиева

Телефону: 00996 312 49 27 82

Кошумча: 888

Кабинет: İLEF-4705