Кытай тили жана адабияты программасы 2008-2009 окуу жылында ачылган жана ушул эле жылы биринчи жолу студенттер кабыл алынган. Кытай тили жана адабияты адистиги боюнча бакалавр программасында эл аралык стандарттарга ылайык кытай филологиясын окутуу максаты коюлган. 

Түрк мамлекеттеринин Кытай Элдик Республикасы менен болгон экономикалык, маданий, саясий жана башка байланыштары барган сайын күчөп бараткан азыркы учурда кытай тилин, маданияты менен адабиятын мыкты билген адистерге муктаждык жаралууда. Кытай тили жана адабияты бөлүмү ушул жагдайды эске алуу менен ачылган. Программа тилдин сөз байлыгын жана грамматикасын толугу менен өздөштүрүүгө, ар түрдүү жагдайларда эркин жазып, сүйлөй билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Программаны аяктаган бакалавр, мындан тышкары гуманитардык багытта билим алуу менен жогорку билимге ээ боло алат. Программанын жардамы аркылуу кытай тилин жана адабиятын, анын эң байыркы доорлоруна таандык чыгармаларындан тартып азыркы чыгармаларына чейин түшүнө ала турган, тил менен адабият аркылуу башка коомдук илимдер тармагында изилдөө жүргүзө ала турган адистерди даярдап чыгуу негизги максат болуп эсептелет.

Кытай тил жана адабият бөлүмүнүн бүтүрүчүүлөрү төмөнкүдөй тармактарда иштей алышат:

• орто мектептерде, атайын адистик окуу жайларда , тил борборлорунда мугалимдик кесип

• изилдөөчү катары фонд жана проекттерде

• менеджер катары мамлекеттик жана коомдук уюмдарда, бизнес тармактарында • котормо бюролорунда

• ар түрдүү басмаларда иштей алышат