2019-12-01


"Шанс" басмаканасы


2019-жылдын 29-ноябрь  күнү саат 13.30-15.00 чейин, Конфуций классында (ЭжБ 426)  "Шанс" басмаканасы тарабынан уюштурулган китеп презентациясы өткөрүлдү. Презентацияда басмакананын башкы редактору жана котормочулар катышып, студенттерге кытай тилинен кыргыз тилине которулган кытайдын абдан белгилүү адабият жана маданият китептери жөнүндө маалымат беришти. презентация аяктаган соң студенттер каалаган китептерди сатып алышып, абдан кызыктуу болгонун айтышты. "Шанс" басмаканасына терең ыраазычылык билдирмекчибиз!