2020-02-03


531000 ФИЛОЛОГИЯ БАГЫТЫНЫН (БАКАЛАВР) ОКУТУУ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ


ОЖ-1. Кесиптик милдеттерди аткарууда математикалык, гуманитардык (табигый), экономикалык илимдер жөнүндө базалык билимин колдоно алат.

ОЖ-2. Негизги усул, ыкмаларды, маалыматтарды сактоого жана иштеп чыгууга,  маалымат башкаруу системасында компьютер менен иштөөгө, анын ичинде глобалдык компьютердик  торчолордо жана корпоративдик маалымат системасында иштөөгө жөндөмдүү.

ОЖ-3. Мамиле кылууга, кызматташтык  мамилелерди ишке ашырууга жөндөмдүү.

ОЖ-4. Окулуп жаткан негизги тилдин (тилдердин) жана адабияттын (адабияттардын) тарыхынын жана теориясынын негизги жоболору жана концепциялары, коммуникациянын теориясы, филологиялык анализ жана тексттин интерпретациясы, тарых жөнүндө маалымат, филологиянын абалы жана перспективалары жөнүндө билимин көрсөтүүгө  жөндөмдүү

ОЖ-5. үйрөнүп жаткан негизги тилдин (тилдердин) жана адабияттын (адабияттардын) теориясы жана тарыхы, коммуникация теориясы, филологиялык анализ жана текстти интерпретациялоо жаатында алган билимдерин өзүнүн илимий-изилдөө  ишмердүүлүгүндө колдонууга жөндөмдүү

ОЖ-6. колдонуудагы усулдардын негизинде сабактарды жана класстан тышкаркы  иш-чараларды өткөрүү үчүн окуу-методикалык материалдарды даярдоого жөндөмдүү жана жалпы жана атайын орто билим берүү мекемелеринде тил жана адабияттан сабак берүүгө жана класстан тышкары иштерди жүргүзө алат

ОЖ-7.  Ар түрдүү типтеги тексттерди (негизинен илимий жана публицистикалык, ошондой эле документтерди) чет тилдеринен чет тилдерине которо билүү; чет тилдериндеги документтерди, илимий эмгектерди жана көркөм чыгармаларды аннотациялоо жана рефераттоо

ОЖ-8. Билим берүү жана маданий агартуу мекемелеринде, социалдык-педагогикалык, гуманитардык-уюштуруучулук, китеп чыгаруу, массмедиялык жана коммуникация чөйрөлөрүндө ар түрдүү долбоорлорду иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катыша билүү

ОЖ-9. Өз алдынча кесиптик эмгек процессин уюштура билүү; кесиптик жааматтарда иштей билүү; жогоруда аталган кесиптик ишмердиктердин бардык түрлөрү боюнча алардын жааматтарынын иштерин тийиштүү материалдар менен камсыз кыла билүү

ОЖ-10. Илимий дискуссияларга илимий докладдар, маалыматтар менен катышууга, изилдѳѳнүн материалдарын оозеки, жазуу жана виртуалдык (мааалымат торчолоруна жайгаштыруу) түрүндѳ бере билүүгѳ жѳндѳмдүү