2021-12-14


«AYTMATOV - FİESTA »


Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата даярдалган “Айтматов-Фиеста” аттуу университеттер арасы фестиваль өткөрүлдү. Иш-чарада прфессор-академик Осмонакун Ибраимов, Евразия жазуучулар союзунун башчысы Якуп Омероглу жана Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Чынгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору профессор-академик Абдылдажан Акматалиев баяндама жасашты.

Фиеста ар кайсы университеттерден келген студенттер арасында Айтматовдун чыгармаларын  ролдоштуруп  көркөм окуу жана “Менин Айтматовум” аттуу кыска оозеки тезистерден конкурсттук жарыштар өткөрүлдү.