2022-02-25


“THE WORLD OF LANGUAGE” аттуу эл аралык илимий онлайн семинары


2022-жылдын 24-февралында Кыргыз-Түрк Манас университети менен Cанкт-Петербург Чет Тилдер институтунун ортосундагы кызматташтык келишиминин негизинде уюштурулган “The world of language” аттуу эл аралык илимий онлайн семинары болуп өттү. Санкт-Петербург Чет Тилдер институтунун профессору Др.Мошина Е.А., Кыргыз-Түрк Манас университетинин Гуманитардык факультетинин Батыш Тилдери бөлүмүнүн ага окутуучуусу Др.Анаркан Бектурова жана окутуучусу Гульнара Байгобылова өз баяндамаларын семинардын катышуучуларына сунуштады.