2022-11-14


Сыйлык


11-ноябрда 2022-ж, Кыргыз-Түрк “Манас” университети И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн “Билим берүүдөгү илимий инновациялык тенденциялар” аталышындагы илимий-практикалык конференцияга жана көргөзмөгө катышты.

Окуу жайыбыздын гуманитардык факультетинин батыш тилдери бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Чолпон Найманова Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.