2025-11-14


Доцент, доктор Дерья Уйсалдын Манас Университетине сапары


Түркиянын Аланья Алааддин Кейкубат университетинин англис тили мугалимдерин даярдоо бөлүмүнүн окутуучусу, доцент, доктор Дерья Уйсал, Орхун программасынын алкагында 2025-жылдын 9–13-ноябрь күндөрү Кыргыз-Түрк Манас университетине иш сапары менен келди.

Бул иш сапары учурунда ал Манас университетинин филология бөлүмүнүн англис тили жана адабияты программасынын студенттери менен жолугуп, заманбап «Санарип оюнга негизделген окутуу ыкмасы» боюнча презентация жасады.

Презентациядан кийин Дерья Уйсал студенттердин айтылган тема боюнча жана Түркиядагы мугалимдик кесипке байланыштуу суроолоруна жооп берди.