2026-02-16


Эл аралык илимий кызматташтык онлайн конференция аркылуу бекемделди


Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Азербайжан Архитектура жана Курулуш университетинин (AzUAC) ортосундагы кызматташтык келишиминин алкагында, 2026-жылдын 6-февралында "Инновациялык коммуникация контекстинде лингвистика, адабият жана окутуу методологиясы" эл аралык илимий-практикалык конференциясына Гуманитардык факультеттин филология бөлүмүнүн окутуучулары катышты. AzUAC университетинин 50 жылдыгына арналган бул онлайн иш-чара Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Улуу Британия, Франция жана Нидерландия өлкөлөрүнөн илимпоздорду чогултуп, лингвистиканын, маданиятаралык байланыштын жана чет тилдерин окутуунун заманбап ыкмаларынын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Биздин университеттин окутуучулардын бул конференцияга катышуусу кыргыз жана азербайжан жогорку окуу жайларынын ортосундагы илимий өнөктөштүктүн өсүп жатканын көрсөттү жана изилдөө тажрыйбаларын алмашууга салым кошту. Конференцияда пленардык отурумдардан жана заманбап лингвистика менен окутуу методологиясы боюнча тематикалык секциялардан түзүлүп, Борбордук Азия университеттеринин ортосундагы илимий кызматташтыкты бекемдөө жана эл аралык илимий диалогду өнүктүрүү үчүн маанилүү платформа болду.



Dosya
Dosya 2