2026-10-16


Кош келиңиздер, биринчи курстун студенттери!


2026-жылдын 14-октябрь күнү филология бөлүмүнүн (англис тили жана адабияты программасы) 4-курсунун студенттери 1-курс студенттерин тосуп алуу программасын уюштурушту. Аталган иш-чара «Гарри Поттер» чыгармасынын стилинде даярдалып, 1-курстун студенттерине кызыктуу презентациялар, оюндар, бийлер жана атайын фотозона сунушталды. Программа абдан шаңдуу маанайда өтүп, катышуучулардын купулуна толду.