2024-03-15


Кубанычка жана мээримге толо майрам


Кубанычка жана мээримге толо майрам" 

2024-жылдын 14-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери Красноречка  атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинде  болушту. Студенттер балдар үчүн кызыктуу оюндар жана бийлер менен коштолгон программа даярдашты. Белектер жана оюн-зоок мелдештери балдардын чыныгы кубанычын жаратты. Ар бир бала белек катары таттууларды  гана эмес, баарлашуу кубанычын, жылуулук жана мээрим да алды. Жатак-мектебине болгон бул иш-чара балдарга кубаныч тартуулоо үчүн гана мүмкүнчүлүк болбостон, бардык катышуучулар үчүн боорукердик жана кайрымдуулук сабагы болду.