2024-04-30


Таза шаар - таза ойлор


2024-жылдын 29-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн студенттери жана окутуучулары жалпы шаардык ишембиликтин алкагында таштанды чыгарууга катышты. Иш-чаранын атмосферасы кубанычка, энтузиазмга жана шаарыбызга пайда келтирүү түшүнүгүнө толду.Таштанды баштыктар жана кол каптары менен студенттер шаарды тазартуу ниетинде ишембиликке чыгышты. Алар Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнө барышып, ал жерден көп таштанды чогултушту.
Бул тазалоо адамдар бир максат үчүн чогулганда көп нерсеге жетишип, ошол эле учурда көптөгөн позитивдүү эмоцияларды ала аларын көрсөттү.