2024-09-24


Кыргыз-Түрк"Манас" университетинде Мамлекеттик тил күнү


2024-жылдын 23-сентябрында  Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмү "Мамлекеттик тил күнүнө" карата "Азыркы кыргыз тилинин актуалдуу маселелери" аттуу иш-чара өткөрдү. Ф.и.д., проф. Бурул Сагынбаева,  соц.и.к.  Нургүл Сулейманова жана аспирант Сатыбалды Көчөрбай уулу тарабынан докладдар окулду. Баяндамачылар кыргыз тилин колдонуудагы типтүү каталарга анализ жүргүзүп, анын ар түрдүү тармактарда колдонулушун талкуулап, мамлекеттик тилди сактоонун, өнүктүрүүнүн жана туура колдонуунун маанилүүлүгүн белгилешти.