2024-10-24


Филология бөлүмүнүн меймандары


Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосундагы активдүү кызматташтыктын алкагында 2024-жылдын 8-октябрынан 24-октябрына  чейин биздин университетибизге филология илимдеринин кандидаты, орус тили жана теориялык колдонмо лингвистика кафедрасынын доценти Мария Владимировна Долгополова жана "тил илими жана адабият таануу" даярдоо багытынын экинчи курсунун аспиранты, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Артур Ямилевич Абдульманов келишти.

Конокторду филология бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Бурул Сагынбаева, гуманитардык факультеттин деканы, докт. профессор Алпаслан Ашык, биринчи проректор саясий и. к., доцент Алмаз Орозакунович Ибраев, ошондой эле Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору, док. профессор Алпаслан Жейлан тосуп алды. Иш сапардын алкагында филология бөлүмүнүн, орус тили жана адабияты программасынын окутуучулары менен биргеликте семинар уюштурулуп, анда илимий жана окуу-методикалык иштер талкууланды. Ошондой эле, "тил жана маданият" жана "илимий тексттин тили жана стили" деген темада орустили жана адабияты филологиясынын студенттери үчүн эки семинар өткөрүлдү. Эки семинар тең студенттер менен мугалимдердин кызыгуусун арттырды.

Мындай кызматташтык тажрыйба алмашууга, университеттер арасында академиялык байланыштарды өнүктүрүүгө жана филология жаатындагы билим берүү процессин чыңдоого өбөлгө түзөт.