2025-02-12


Филология бөлүмүндө студенттердин ата-энелери менен жолугушуу


2024-жылдын 17-декабрында  филология бөлүмүндө студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарада алар профессордук-окутуучулук курам менен таанышып, окуу процессинин жүрүшү жана бөлүм өткөргөн иш-чаралар менен таанышышты. Ата-энелер университетке жана окутуучуларга балдарынын сапаттуу  жана күчтүү билими үчүн ыраазычылык билдиришти. Жолугушууда университет менен студенттердин үй-бүлөлөрүнүн ортосундагы өз ара байланыш жана окуу иштеринин оң натыйжалары талкууланды.