2025-05-31


Филология бөлүмүнүн сыймыгы


Филология бөлүмүнүн англис тили жана адабияты программасынын студенти Алтынай Рахатова гуманитардык факультеттин студенттердин арасынан биринчи орунду, ал эми жалпы университеттик рейтингде экинчи орунду ээлегенин кубаныч менен кабарлайбыз. Бул жетишкендик анын максатка умтулуусун, даярдыгынын жогорку деңгээлин жана окууга болгон олуттуу мамилесинин чагылдырат. Алтынай эң мыкты академиялык билимин гана эмес, келечектеги кесибине кызыгуунсун көрсөтүп, башка студенттер үчүн үлгү болуп саналат. Филология бөлүмүнүн мугалимдери жана кызматкерлери Алтынайды бул маанилүү ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Биз анын жетишкендиктери менен сыймыктанабыз жана анын алдында дагы көп жеңиштер болгонуна ишенебиз.