2025-06-17
2025-жылдын 29-30-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин филология бөлүмүнүн башчысы, филол.ил.докт., профессор Бурул САГЫНБАЕВА Түндүк Кипр Түрк Республикасында “Билим, маданият жана ишкердик” темасында өткөн “Биринчи түрк аял парламентарийлеринин саммитине” катышып келди. Профессор Бурул САГЫНБАЕВА “Аялдар маданий лидер катары: маданий өзгөчөлүктү сактоо, маданий өзгөрүүлөрдү жана глобалдашкан дүйнөдө таасирин жогорулатуу” тематикалык сессиясынын алдында “Кыргыз аялдарынын коомдогу ролу” темасында баяндама жасады.
Түрк мамлекеттер парламенттер ассамблеясы (ТҮРКПА) тарабынан уюштурулган “Билим, маданият, ишмердүүлүк” аттуу биринчи түрк аялдар саммити 28-31-май айында Түндүк Кипрде болуп өттү.
Бул саммиттин негизги карала турган маселеси:
1. Билим берүү жана үй-бүлөдөгү аялдын ролу;
2. Маданият тармагындагы аял лидерлери;
3. Санарип доорундагы аял ишмердүүлүктөрү.
Катышуучулар, негизинен, Түрк Республикасы; Кыргыз Республикасы; Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Косова, Молдова, Болгаристан ж.б. мамлекеттерден аял өкүлдөрү: мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимпоздор ж.б. катышты.