2025-11-07
4-ноябрда Кыргыз-Түрк Манас университетинин филология бөлүмүнүн окутуучулар курамы университеттин даярдык курсунун студенттерине бөлүмдү таанытуу жолугушуусун уюштурду. Бөлүм башчысы жана окутуучулар билим берүү программалары менен тааныштырды, бөлүмдүн жашоосу жөнүндө видеону көрсөттү, окутулуучу сабактар жана эл аралык алмашуу программалары жөнүндө маалымат берди. Бөлүмдүн студенттеринин жана бүтүрүүчүлөрүнүн жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурулду. Үч жыл катарында студенттер жогорку натыйжаларды көрсөтүп, университетте жана факультетте билим көрсөткүчтөрү боюнча биринчи жана экинчи орундарды ээлегендиги, жана бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да ар түрдүү кесиптик чөйрөлөрдө ийгиликтүү иштеп келе жаткандыгы жөнүндө айтылды. Кафедра башчысы «Кыргыз тили жана адабияты» жаңы билим берүү программасынын келечектеги студенттерин куттуктап, бул багыттын артыкчылыктары жөнүндө кеңири айтып берди. Жолугушуу жандуу диалог форматында өттү. Студенттер жогорку кызыгуу көрсөтүп, бөлүмдө билим алуунун өзгөчөлүктөрү жана келечектеги иш мүмкүнчүлүктөр жөнүндө көптөгөн суроолорду беришти. Жолугушууну жыйынтыктап, окутуучулар жана бөлүм башчысы студенттерге окууларында ийгиликтерди каалашты.
.jpeg)
.jpeg)