2026-04-08
Филология бөлүмүнүн орус тили жана адабияты багытынын үчүнчү курсунун студенти Мээримкан Базарбай кызы 2026-жылдын март айында өткөн «Борбор Азиянын мыкты студенти» эл аралык сынагына катышып, жеңүүчү деп табылган. 2026-жылдын 26–28-март күндөрү Мээримкан «Туруктуу өнүгүүнүн коммуникациялары: жашыл экономика жана социалдык жоопкерчилик» аттуу эл аралык студенттик илимий-практикалык конференцияга катышып, баяндамасын ийгиликтүү коргоп, экинчи орунду ээледи. Студентибизди куттуктайбыз жана ага мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!
.jpeg)

.jpeg)
