2026-04-17


Өзүңдөн башта — дүйнөнү таза кыл!


2026-жылдын 14-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин филология бөлүмүнүн студенттери аймакты тазалоо боюнча экологиялык акция өткөрүштү. Демилгени бөлүм башчысы — профессор, доктор Чолпон Найманова жетектеген окутуучулар да колдошту. Жазгы аба ырайы жана жагымдуу маанай бул күндү өзгөчө жагымдуу кылды. Мындай учурлар дагы бир жолу далилдейт: айлана-чөйрөнүн тазалыгы ар бир адамдын жөнөкөй кадамынан жана салым кошууга болгон каалоосунан башталат.