2026-10-28


ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТТИН ДЕКАНЫ ФИЛОЛОГИЯ БӨЛҮМҮНҮН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ


27-октябрда Гуманитардык факультеттин деканы, профессор, доктор Альпаслан Ашык менен филология бөлүмүнүн студенттеринин салтка айланган жылдык жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, көйгөйлөрүн айтып, студенттик жашоого байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты. Мындай жолугушуулар факультеттин жетекчилиги менен студенттердин ортосунда ачык диалог түзүүгө, алардын муктаждыктарын жакшыраак түшүнүүгө жана келип чыккан маселелерди чечүү жолдорун табууга өбөлгө түзөт.