2023-04-20


Илимий-практикалык студенттик конференция


2023-жылдын 20-апрелинде адабият факультетинин, филология бөлүмүндө “Тил, Маданият жана Коммуникация” аттуу илимий-практикалык студенттик конференция болуп өттү. Филология илимдердин доктору, профессор З. К. Дербишеванын жетектөөсү алдында, орус тили жана адабияты бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери “Тил аркылуу дүйнөнү таануу” темасында өздөрүнүн кызыктуу докладдарын көргөзүштү. Студенттер изилдөө иштеринде орус, түрк жана кыргыз тилдериндеги ар кандай концепттердин салыштырмалуу анализин жүргүзүшүп, кызыктуу жана мазмундуу докладдары менен бөлүшүштү. Студенттерибизге мындар аркы изилдөө иштеринде дагы да ийгиликтерди каалайбыз!