2023-05-02


"Тил дүйнөсү" жана "Тилдеги дүйнө" аттуу семинары


2023-жылдын 27-апрелинде гуманитардык факультеттин филология бөлүмүндө, филология илимдеринин доктору, профессор З.Дербишеванын "Тил дүйнөсү" жана "Тилдеги дүйнө" аттуу семинары болуп өттү.  Семинарга филология жана котормо бөлүмдөрүнүн окутуучулары, аспиранттар, магистранттар жана ар кайсы курстагы студенттер катышышты. Семинардын темасы актуалдуу болуп, катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты.