2024-05-28


Унутулгус эс алуубуз


2024-жылдын 25-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн студенттери жана окутуучулары тоого эс алууга  барышты.Таза аба, кооз жерлер, бийик тоолор жана шаркырап аккан тунук тоо дарыясы жакшы маанай жана эркин баарлашууга өбөлгө түздү. Бул күн баарлашуунун жана чогуу убакыт өткөрүүнүн маанилүүлүгүн эскертип,  бардык катышуучулардын эсинде көпкө сакталып калды.