2024-11-06
2024- жылдын 5-ноябрында филология бөлүмүнүн орус тили жана адабияты программасында салтка айланган «Кош кел, биринчи курс!» аттуу иш-чара болуп өттү. Бул бардык студенттер үчүн жаркын жана көптөн күткөн окуяга айланды.
Бул күнү бардык курстардын студенттери чогулуп, 1-курстун студенттерин куттукташты жана аларды филологиялык достук үй-бүлөгө жылуу тосуп алышты. Катышуучулар ырдап, бийлеп, ыр окуп, ар кандай сынактарга кызуу катышып, ынтымактын, кубанычтын атмосферасын түзүштү.
Бул иш-чаранын аркасында 1-курстун студенттери өздөрүн чоң жана ынтымактуу команданын бир бөлүгү катары сезип, чыгармачылыктын жана студенттик биримдиктин атмосферасына аралаша алышты. Сизди филологиялык үй-бүлөбүздө көргөнүбүзгө кубанычтабыз жана бул кызыктуу жолдо ийгиликтерди каалайбыз!