2024-11-20


"Мектептеги бир күн» аттуу студенттик


2024-жылдын 13-ноябрында «Орус тили жана адабияты» программасынын 4-курсунун студенттери педагогикалык практикага арналган «Мектептеги бир күн» атту салттуу студенттик семинар өткөрүштү.Быйылкы практика 30 күн бою №95 орто мектебинде жана «Маариф» билим берүү борборунда өттү. Студенттер активдүү сабактарды өткөрүшүп, сабак пландарын жазышып, презентациялар жана тесттерди даярдашып, оюндарды өткөрүшүп, интерактивдүү окутуу методдорун колдонушуп, буга кошумча окуучулар менен сабактан тышкаркы иштерди дагы жүргүзүштү. Педагогикалык практиканы ийгиликтүү өткөндөн кийин биздин студенттер дагы да болсо чоңоюшту, тандаган кесибинин асылдыгына көздөрү жетти, ал эми бир нече студенттер мектепке ишке чакырылды. Семинар чыгармачыл атмосферада өттү. Бүтүрүүчүлөр педагогикалык ишмердүүлүктөгү алгачкы тажрыйбалары менен бөлүшүп, орус филологиясынын студенттеринин чоң кызыгуусун жаратты, анткени келечекте алар дагы мектепте педагогикалык практиканы өтүшөт.