2024-12-26


Биздин студенттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыраазычылык катына ээ болушту


2024-жылдын 24-декабрында жаңы жылдык концерттин алкагында, биздин студенттерибиз, Элиза Мунарбекова, Айхан Женишбекова жана Мээримкан Базарбай кызы 31-август күнү Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына арналган иш-чарага активдүү катышканы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Студенттерибизди куттуктайбыз жана аларга андан ары чоң ийгиликтерди каалайбыз!