2026-02-27


ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ОКУУ – КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ


2026-жылдын 19-февралында филология бөлүмүнүн орус тили жана адабияты программасында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ишке ашырып жаткан алмашуу программалары боюнча студенттик семинар өткөрүлдү. Филология илимдеринин кандидаты, ага окутуучу А.Г. Нарозя «Орхун» программасы жана башка академиялык мобилдүүлүк программалары тууралуу, аларга катышуунун шарттары, эрежелери жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө баяндама жасады. 3-курстун студенти Айхан Женишбекова «Менин Бакудагы тажрыйбам» аттуу кызыктуу жана мазмундуу презентация даярдап, Баку мамлекеттик университетинде окуу учурундагы таасирлери жана алган билим-тажрыйбалары менен бөлүштү. Семинар жандуу, чыгармачыл атмосферада өтүп, бөлүмдүн студенттеринин чоң кызыгуусун жаратты.