2026-05-21


ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫН КӨПҮРӨЛӨРҮ


2026-жылдын 10–20-май күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнө (орус тили жана адабияты программасы) ERASMUS эл аралык алмашуу программасынын алкагында Польшадагы Краков шаарындагы Улуттук билим берүү комиссиялык университетинин профессору Михал Янкович келип кетти. Профессор тарабынан «Аралаш окутуунун элементи катары электрондук билим берүү чөйрөсүндө чет тили катары орус тили боюнча сабактар» аттуу семинар өткөрүлдү. Ошондой эле бөлүмдүн студенттери жана окутуучулары Краков университетиндеги Чет тилдер институту (орус филологиясы) тууралуу маалымат алып, бул университеттин бакалавриат жана магистратура программаларындагы окуу шарттары менен таанышышты. Профессор Михал Янкович студенттердин активдүүлүгүн жана кызыгуусун, ошондой эле бөлүмдөгү жылуу жана достук маанайды өзгөчө белгиледи. Краков университети менен таанышуу илим, маданият жана билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыктын алкагын кеңейтип, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери жана окутуучулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.