2023-03-20


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин философия бөлүмүнүн семинары


2023-жылдын 1-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Философия бөлүмү тарабынан “Футурономика – илим жана искусство” аталышында семинар өткөрүлдү. Семинарда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Философия бөлүмүнүн башчысы, филос.и.д., профессор Жамгырбек Бөкөшов келечекти өздөштүрүү методдору жөнүндө сунум жасады. Философия бөлүмүнүн магистранты Гульзана Илипаева студенттерге алдын ала таратылган “Келечекке карай жол!” аттуу сурамжылоонун айрым жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Ал эми магистр Гулина Курбанакун кызы ар бир маселеде туура, эффективдүү жана бат чечим кабыл алуу үчүн колдонулган - “Декарттын квадраты” методу тууралуу  маалымат берди. Семинардын аягында Философия бөлүмүнүн магистранты Алманбет Сулайманов “Акыл-Логос” илимий журналынын алкагында түзүлгөн www.akyl.kg сайтын тааныштырды.