2023-03-20


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин философия бөлүмүнүн семинары


2023-жылдын 15-март күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин философия бөлүмү Мехмет Акиф Эрсой университетинин философия бөлүмү менен бирликте “Традициондук жана санариптик көчмөндөр” аттуу илимий семинар өткөрдү. Негизги сунумду ф.и.д., проф. Жылдыз Урманбетова жасап, изилдөөнүн жаңылыгына жана актуалдуулугуна көңүлдү бурду. Санариптик жана традцициондук көчмөндөрдүн ой жүгүртүү маданияттарынын өзгөчөлүктөрүнө басым жасалды. Доц., др. Эсра Чагры Мутлу баяндамачынын изилдөөсүн анализге алып, өзүнүн ой пикирин айтып чыкты. Семинар суроо-жооп бөлүгү менен аяктады.