2023-05-18


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин философия бөлүмүнүн студенттерине семинар


17-май 2023-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин философия бөлүмү тарабынан студенттер үчүн уюштурулган семинар болуп өтүү.  Семинарга Экономика жана башкаруу факультетинин окутуучуларынан доц.м.а. PhD Разияхан Абдиева конок катары чакырылды. Р. Абдиева “Карл Маркс жана экономикалык теориялык өнүгүүлөр: Кыргызстан экономикасы” аттуу темада  баяндама жасады. Баяндамачы экономикалык теориялык өнүгүүлөрдүн контекстинде Кыргызстандын экономикалык абалы боюнча студенттерге маалымат берди. Семинар суроо-жооп жана кызыктуу талкуулар менен аяктады.