2023-06-01
2023-жылдын 24-май күнү Философия бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери Кишимжан Эшенкулова менен бирге FLS-130 заманбап табигий илимдердин концепциясы сабагынын негизинде университеттин инженердик факультеттин микробиология, тамак-аш, экология жана самын чыгаруу лабороторияларын кыдырышып, илимий изилдөөлөр менен жакындан таанышышты. Философия бөлүмү Инженердик факультетине ыраазычылык билдирет.