2023-11-21


“Кош келдиң 1-курс” программасы уюштурулду


2023-жылдын 6-октябрында Философия бөлүмүнүн студенттери тарабынан 1-курстун студенттери үчүн салттуу “Кош келдиң” программасы уюштурулду. Программага философия бөлүмүнүн профессордук-окутуучулар курамы, Орхун алмашуу программасы менен Казакстандан келген конок агайыбыз проф. др. Ө. Бекежан жана бөлүмдүн студенттери катышты. Программада философия бөлүмүнүн башчысы проф.док. Жамгырбек Бөкөшов сөз сүйлөп, 1-курстун студенттерине бөлүмдү тааныштырды. Мугалимдер да студенттерге каалоо тилектерин айтышты. Жогорку курстун студенттери оюн-зоок тартуулашты.