2023-11-21


“Дүйнөлүк философия күнү” белгиленди


2023-жылдын 16-ноябрында Философия бөлүмү тарабынан «Дүйнөлүк философия күнү» белгиленди. Дүйнөлүк философия күнө карата студенттер тарабынан уюштурулган «Философия тарыхына саякат» аттуу театрлаштырылган сюжет коюлду.

UNESСOнун башкы директору «Философия - XXI кылымдын ачкычы» деп, баса белгилеген. 2002-жылы ООНдун башкы кеӊешинде ноябрь айынын 3-бейшемби күнү «Дүйнөлүк философия күнү» деп чечим чыгарылган. Мына ошол жылдан баштап жыл сайын «Дүйнөлүк философия күнү» расмий түрдө белгиленип келет.