2023-12-01


Университетибизде «Манас» Эпосу Күнү өткөрүлдү


2023-жылдын 30-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультеттин Философия жана Синхрондук котормо бөлүмдөрүнүн КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Кыргыз Улуттук “Манас” театры менен биргеликте уюштурган «”Манас” эпосу жана философия» аталышындагы панель жана «“Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү – I”» китеп сериясынын бет ачар аземи болуп өттү.