2024-11-04


Улгайган жана майыптуулугу бар жарандар үчүн «Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемесине зыярат


КТМУнун «Социалдык жоопкерчилик» проектинин негизинде 26-октябрь күнү  философия бөлүмүнүн мугалими Кишимжан Эшенкулова бөлүмдүн студенттери менен бирге Улгайган жана майыптуулугу бар жарандар үчүн «Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемесин зыярат кылышты. Студенттер майыптуулугу бар жарандарга, оорулууларга, улгайган адамдарга  жардам көрсөтүштү. Ошондой эле карылар менен сүйлөшүп, аларды угуп моралдык жардам берүүгө аракет жасашты. 

Dosya 1