2025-02-11
2025-жылдын 6-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультеттин Философия бөлүмү тарабынан уюштурулган “Хайдеггердин философиясынын негизинде келечекти өздөштүрүү маселеси” аттуу семинар болуп өттү. Ф.и.д., проф. Жамгырбек Бөкөшов баяндамасында Хайдеггердин философиясына жана форсайттын маанилүүлүгүнө токтолду.
Семинарга бөлүмдүн профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты.