2025-05-22


Өзбекстандын университеттери менен Философия бөлүмүнүн кызматташуусу


2025-жылдын 13-14 май күндөрү Өзбекстандын университеттеринен келген окумуштуулар Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде  болушту. 2025-жылдын 13-майында Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университетинде жана Фергана мамлекеттик университетинде иштеген профессордук-окутуучулар курамы философия бөлүмүнүн эмгек жамаат менен таанышты. Сапардын жүрүшүндө келечектеги эки тараптуу кызматташуу маселесин талкуулашты.