2025-06-02


«Бозжол» философиялык изилдөө борборунда китеп талкуусу жыйыны


2025-жылдын 23-майында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Бозжол» философиялык изилдөө борборунун директору Саветбек Абдрасуловдун «Бозжол – Бозүйдүн пирамидалык түзүлүшүндө жана Боoзүйдүн жарым шар-сфералык ааламында адамдын бозжолу (ыйык жолу)» аттуу (2 китепте) илимий эмгегин  талкуулоо боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин философия бөлүмүнүн профессордук-окутуучулар курамы да катышышты. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин философия бөлүмүнүн профессору, философия илимдеринин доктору Урманбетова Жылдыз Карыбаевна Саветбек Абдрасуловдун китебинин жооптуу редактору; Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин философия бөлүмүнүн башчысы, философия илимдеринин доктору, профессор Бөкөшов Жамгырбек Бөкөшович  рецензент катары чыгып сүйлөштү. Эмгек 2 (эки) китептен туруп, кыргыздын руханияты, боз үй пирамидасынын чечмелөөсүнө байланышкан негизги маселелерди камтыйт. 



Dosya 1