2025-10-20
2025-жылдын 30-сентябрында Философия бөлүмүндө салттуу түрдө студенттер тарабынан уюштурулуп келе жаткан “Кош келдиң 1-курс” аттуу программа болуп өттү. Программанын алкагында бөлүмүбүздүн профессордук-окутуучулук курамы бөлүмдүн жаңы студенттерине каалоо-тилектерин айтышып, окууларына ийгилик каалашты. Салттуу түрдө 2-курстун студенттери 1-курска символикалуу чакан белектерин тапшыруу менен катар, кеп-кеңештерин айтышты. Студенттер тарабынан уюштурулган иш-чара ыр-оюн менен коштолуп, бири-бири менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 1-курстун студенттерине ийгиликтерди каалайбыз!