2025-10-21
2025-жылдын 3-10-октябрында Орхун алмашуу программасынын алкагында Докуз Эйлүл университетинин Философия бөлүмүнүн профессору PhD Өзлем Дува Кая Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультеттин Философия бөлүмүнө конок изилдөөчү катары келди. 7-октябрда проф., PhD Ө. Дува Кая “Агартуу доору философиясы жана Кант: Гетерономия жана автономия” аттуу семинар өткөрдү. Семинарга Философия бөлүмүнүн профессордук- окутуучулук курамы, студенттер жана Наманган педагогикалык университетинен келген профессордук-окутуучулар курамы катышышты.
Семинардын жүрүшүндө профессор Өзлем Дува Кая агартуучулук доору философиясынын негизги принциптери жана анын заманбап философияга тийгизген таасири тууралуу сөз кылды. Ал, Иммануил Кант өзүнүн моралдык философиясында гетерономия жана автономия түшүнүктөрүн кантип негиздегенин кеңири түшүндүрүп берди. Катышуучулар Канттын индивиддин эркиндик түшүнүгү жана анын акыл-эстин жетекчилигине негизделген этикалык мамилеси боюнча маанилүү маалыматка ээ болушту. Семинардын аягында катышуучулар тема боюнча терең түшүнүк алууга мүмкүнчүлүк алышты.