2025-12-11
2025-жылдын 11-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультеттин философия бөлүмү тарабынан уюштурулган кезектеги семинары болуп өттү. Ф.и.д., проф. Сааданбекова Чолпон Идирисовна «Философия тарыхында аял философтордун ролу жана орду» аттуу темада баяндама жасады. Иш-чаранын жүрүшүндө аялзатынын философия тармагындагы орду жана салымы өзгөчө баса белгиленип, тарыхта из калтырган белгилүү аял философтордун илимий жетишкендиктери жана идеялык мурастары тууралуу кеңири маалымат берилди. Семинарга бөлүмдүн профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.